Биз менен байланышыңыз

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга эмнеге чакырылганы маалым болду

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 1805 | 0

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык милициясына сурак берип чыкканын айтты. Бүгүн, 6-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат таратып, журналист күбө катары сурак бергенин кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, өткөн жумада TikTok социалдык түйүнүндө «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген башкы теманын алкагында видео жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу да болгон. Бул видео жана анын темасына байланыштуу Ош милициясынын тергөө кызматына Ыыдырыс Исаков 5-февраль күнү күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралган.

Журналист Исаков видео жүктөгөн «Альберт» деген жаранды тааныбай тургандыгын, бул видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан монтаждалып, белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыгын жана кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы жөнүндө маалыматы жоктугун билдирген.

«Ыдырыс Исаков бир саатка жетпеген убакытта Ош ШИИБнын тергөө кызматында болду» , — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM