Биз менен байланышыңыз

Кинорежиссёр Геннадий Базаров көз жумду

Кыска кабар | 6 Фев 2023 | 1131 | 0

6-февралга караган түнү белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө менен кош айтышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Былтыр март айында кинорежиссёр оор абалда ооруканага түшкөн жана дарыланып үйүнө чыгарылганы маалым болгон.

Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда төрөлгөн. 1967-жылы Москвадагы бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссёрлук факультетин бүтүргөн.

Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестин экрандаштырган. 1968-жылы бул тасма Орто Азия жана Казакстандын кинофестивалында атайын диплом менен сыйланган.

1970-жылдары режиссёр өзүнүн «Көчө» (1972) жана «Зеница ока» (1976) тасмаларын тарткан. Ошол учурда кыргыз киносу азыркы заман темасын активдүү козгоп, коомдун адеп-ахлактык баалуулуктарын бекитүүгө, совет адамынын эмгеги жана эрдиктерин, анын бай ички дүйнөсүн чагылдырууга өзгөчө көңүл буруп, багытталган.

Геннадий Базаров Кыргызстандагы автордук кинонун алгачкы түптөөчүлөрүнүн бири. 1980-жылдардын ортосунан тарта «Биринчи», «Приют для совершеннолетних», «Заговор», «Аномалия», «Каракыз», «Метаморфоза», «Исход», «Жаннат», «Нонсенс», «Ноктюрн», «Солёная долина» сыяктуу көркөм тасмаларды жараткан. 90-жылдары режиссёр — «День ангела», «Антракт», «Түндө» кыска метраждуу тасмаларды тартат. «Айтматов» жана «Сказ об искусстве» толук метраждуу даректүү тасмалары көрүүчүлөр арасында кеңири белгилүү болгон.

1994-жылдан тарта Геннадий Базаровдун «Альтернатива» автордук программасы өзгөчө социалдык-көркөм мааниге ээ болгон жана телевизиондук искусствосунун классикасына айланган. Анын «Прикосновение к Личности» (Чыңгыз Айтматов жөнүндө), «Ноктюрн», «Хава Нагила», «Суть», «Стойбище», «Гримаса», «Пауза для размышления» повесттери популярдуу.

2001-2004-жылдары Геннадий Базаров — Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясынын президенти, 1966-2002-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясынын режиссер-коюучусу, 2002-2004-жылдары «Кыргызтелефильмдин» директору, 2004-жылдан ушул күнгө чейин ушул студиянын режиссеру.

1991-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон. 1997-жылы президенттин «Алтын калем» сыйлыгынын, 1998-жылы жана 2006-жылы Ч.Айтматов атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон. 2003-жылы «Каракыз» тасмасы үчүн Эл аралык кинофестивалдын баш байгесин жана «Мосфильм» концернинин байгесин алган. 2006-жылы «Жылдын адамы» наамы менен байгеге жана статуэткага ээ болгон.

2003-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. 2013-жылы Кыргызстандын кинематографиясын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM