Кечээ, 3-февралда Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
“Сомон Эйр” авиакомпаниясы 8-февралдан 21-мартка чейин Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы боюнча, ошондой эле 5-февралда Дүйшөмбү–Новосибирск–Дүйшөмбү багыты боюнча каттамдар үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууну суранды», — деп айтылат маалыматта.
Каттамга Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары чыгары айтылат.