Бишкекте аярлуу жана аз камсыз болгон 60 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыз болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин райондук администрациясы «Имарат» кайрымдуулук фондунун жардамы менен иш-чараны жүргүздү. Жалпы жонунан 60 тонна көмүр таратылды.
Район башчысы Русланбек Тагаев жергиликтүү тургундарга көрсөтүлгөн жардам үчүн «Имарат» фондуна ыраазычылык билдирип, кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.