Connect with us

Январда бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү пландан ашык аткарылды

Кыска кабар | 4 Фев 2023 | 133 | 0

Январга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча план ашыгы менен аткарылды.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 6,042 млрд сомду түздү.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1 млрд 115 млн сомго көп, же өсүү темпи 122,6%ды түздү.

Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 105,5%га аткарылып, 316,4 млн сомго көп чогултулду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM