Январга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү боюнча план ашыгы менен аткарылды.
Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 6,042 млрд сомду түздү.
2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1 млрд 115 млн сомго көп, же өсүү темпи 122,6%ды түздү.
Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 105,5%га аткарылып, 316,4 млн сомго көп чогултулду.