Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров «Алиса» же Siri кыргызча сүйлөбөгөнүнө тынчсызданды

Кыска кабар | 3 Фев 2023 | 260 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Алматыда өткөн «Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк» форумунда «Алиса» же Siri деген үн жардамчылары кыргызча же казакча сүйлөбөгөнүнө тынчсызданарын айтты.

«Санариптик дүйнөгө кирбеген тилдер жазууга кирбеген тилдердин тагдырына туш болорун баарыбыз түшүнөбүз», — деди Жапаров.

Ал Chat GPT аркылуу бизнес мектебинин экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, онлайн режиминде маектешип, жумушка орношуу мүмкүн болуп жатканын, 10 жыл мурун фантазия болгон нерсе бүгүн чындыкка айланганын белгиледи.

Ошол эле учурда мындай өзгөрүүлөргө Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик саясат менен жооп берүү мүмкүнчүлүгү жетпей жатканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM