Биз менен байланышыңыз

ФИФАнын машыктыруучусу Бишкекте жаш футболчуларды машыктыра баштады

Кыска кабар , Спорт | 3 Фев 2023 | 494 | 0

Бишкекте Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) машыктыруучусу Даниэл Лимонес жаш футболчуларды машыктыра баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, испаниялык машыктыруучу (Таланттарды өнүктүрүү схемасы) алкагында ишке ашырылган FIFA Talent Coaching багыты боюнча жумушун баштады.

Даниэл Лимонес февралдан июль айынын аягына чейин футбол академияга тиешелүү жаштар курамдардын машыктыруучулары менен иш жүргүзүп, 13-16 жаштагы оюнчулардан куралган эки жаштар жана бир кыздар курамасынын насаатчысы болуп дайындалып, алар менен машыгууларды өткөрөт.

Тажрыйбалуу адис УЕФА PRO машыктыруучулук лицензиясына ээ. Өз учурунда «Атлетико Мадрид» (Испания) футболдук академиясынын координатору жана Пакистан футбол федерациясынын техникалык директору болуп эмгектенип, Ла-Лига Академиясында да иштеген.

Аталган пилоттук долбоор Коста-Рика, Венесуэла, Бенин, ТАР, Финляндия, Фиджи Аралдары жана Кыргызстанда ишке ашырылууда.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM