Биз менен байланышыңыз

«Каприз» эс алуу борборунун 28% үлүшүн сатуу сунушталды

Кыска кабар | 3 Фев 2023 | 253 | 0

Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунун 28% үлүшүн мамлекет сатууну көздөп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров парламенттин 2-февралдагы жыйынында айтты.

Маалыматка караганда, бул эс алуу борборунун 28% үлүшүнөн мамлекет бир тыйын да ала элек. Башка акционерлер банктардан насыя алышкан.

«Биз пайда көргөн жокпуз, анткени алар алган насыяларын жаап жатышат. Ошондуктан биз мамлекеттин үлүшүн менчиктештирүүнү жана сатууну сунуштап жатабыз», — деди Бакиров.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2023-жылы «Альфа Телеком» ЖАКын, «Керемет банктын», Кепилдик фондунун, Кыргыз инвестициялык банкы, Бакай банкы, 5-канал жана башкалардын мамлекеттик үлүшүн сатууну пландоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM