Биз менен байланышыңыз

Таза суу жана канализацияга тарифтер канчага көтөрүлөт?

Кыска кабар | 3 Фев 2023 | 688 | 0

Бишкек шаарынын бийлиги ичүүчү сууга жана канализацияга тарифтерди көтөрүүгө байланыштуу токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жайгаштырды.

Документке ылайык, ичүүчү суунун бир куб метри үчүн төлөм жогорулатылгандан кийин төмөнкүдөй болот:

  • жарандар үчүн суунун бир куб метри 8,10 сомдон 10,45 сомго жогорулайт, бул 29% жогору;
  • бюджеттик мекемелер үчүн учурдагы 9,10 сомдук тариф 12,95 сомго чыгат, бул 42,31%га жогору;
  • башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдук тариф 18,5 сомго жогорулайт, бул учурдагы 42,31% жогору.

Канализацияны пайдалангануу үчүн төлөмдү 50% көтөрүү сунушталууда:

  • жарандар үчүн 3,45 сом (азыр 2,30 сом);
  • бюджеттик мекемелер үчүн 4,5 сом (учурда 3 сом);
  • башка керектөөчүлөр үчүн 9 сом (учурда 6 сом).

Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүн жана канализация тармактарын тейлөөгө 15,10 сом өлчөмүндөгү тарифти белгилөө сунушталды. Төлөм жылына бир жолу алынат.

Copyright © 2017 Maral FM