Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир катар кафе-чайкана той-аш өткөрүүдөн баш тартты

Кыска кабар | 3 Фев 2023 | 1493 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ленин жана Свердлов райондук акимчиликтеринин өкүлдөрү шаардагы ири кафелердин жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Свердлов районунун администрациясы алар менен өз ара түшүнүшүү келишимин түзүп, ысырапкорчулук менен өтө турган үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү жана тажияларды өткөрбөөгө макулдашышты.

Арасында «Жибек-Жолу», «Фаризат», «Мансур» кафелеринин, «Гранат» чайканасынын, «Ават» банкет залынын жана башка чоң кафелердин жетекчилери бар.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кафе-ресторандардын өкүлдөрү президенттин «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталганы айтылды.

2022-жылдын башында Садыр Жапаров «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM