Биз менен байланышыңыз

Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода жолугушту.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 2-февралда Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Жолугушууга эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдери, УКМКнын Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Ражабали Рахмонали да катышты.

Тараптар чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүү менен чечүү, 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү, эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM