Биз менен байланышыңыз

Сынга кабылган «Жарнама жөнүндө» мыйзам долбоору комитетке кайтарылды

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 211 | 0

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында «Жарнама жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Талкуу маалында парламент төрагасы Нурланбек Шакиев мыйзам долбооруна маани берүүгө чакырып, отурумга келген жетекчилердин жоопторун сындады.

«Борбордук көчөлөрдөн баштап, кичи көчөлөргө чейинки илинген жарнамалар оруса же анлисче жазылган. Бишкек башка өлкөнүн борборундай көрүнөт. Кайсы шаарда жүргөнүңдү билбейсиң. Эң биринчи кыргыз тилинде жазылышы керек, анан башка тилде жазылсын. Бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн шаардагы үйлөрдү чуркап барып, сүрдүргөндү билесиңер, а эмне үчүн өзүңөр билип жарнактарды оңдобойсуңар?» — деди спикер.

Башка депутаттар да мыйзамды толук иштеп чыгуу үчүн комитеттин кароосуна кайтарууну сунушташты, талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору комитетке кайтарылды.

Сунушталган долбоор колдонуудагы мыйзамды Конституцияга ылайык келтирүү, ошондой эле коррупциялык ченемдерди жоюу максатында даярдалган. Мыйзам бузуу аныкталганда жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга 17 000 сомго чейин айып пул салуу каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM