Биз менен байланышыңыз

Муфтият ажылыктын баасы боюнча депутаттын айткандарына жооп кайтарды

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 397 | 0

Муфтият Жогорку Кеңештин депутатынын ажылыкка байланыштуу айткандарына жооп берди. Депутат Фархат Исмаилов Жогорку Кеңештин жыйынында ажылык боюнча маселе көтөрүп, учак, ажылыктын наркы жана курмандыкка чалына турган малдын баалары боюнча сөз кылган.

2022-жылы ажылык сапарынын наркы 4500 АКШ долларын түзгөн. Муфтият ажылык сапарын уюштуруудагы бардык төлөмдөр Сауд Аравиясы тарабынан түзүлгөн электрондук система аркылуу которуларын, Кыргызстандагы баа коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан экенин билдирди.

«2022-жылды ала турган болсок, Казакстан мамлекетинде 4 245 доллардан баштап 6 522 долларга чейин (VIP ажылык тейлөө каалагандар үчүн), Өзбекстанда 5 575 доллар, Тажикстанда 5 350 доллар. Депутат сөз кылып жаткан Орусияда 500 доллар эмес, 4 800дөн баштап, 10 900 долларга чейин чейин (VIP ажылык тейлөө каалагандар үчүн) болгон», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары ажыларды эки өлкөнүн авиакомпаниялары гана ташый алат. Буга чейин да конкурстун негизинде тандалып келген, бирок Кыргызстандагы учактар «кара тизмеде» болгондуктан конкурска катышпай келишет. Ошондуктан конкурстан Сауд Аравиянын «Флайнас» авиакомпаниясы жеңип, бүгүнкү күнгө чейин ажыларды ташып келген.

Муфтият ошондой эле курмандыкка союла турган койдун баалары боюнча да түшүндүрдү. Маалыматка караганда, 2022-жылы Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин катышуусунда комиссия түзүп, мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында Сауд Араб Падышалыгы расмий тааныган жана САПтын бардык стандарттарына жооп берген фирма менен келишим түзүп, курмандыкка чалынган.

«Депутат тарабынан айтылган 70 АКШ долларына (5900 сом) шариятка ылайык келген бир койду ажылык мезгилинде таап союуга мүмкүн эмес. Ошондуктан ыйык ажылыкты саясатташтырбоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM