Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 2-февралдагы жыйынында таза суу программасы боюнча Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ишмердүүлүгүнө нааразылык көп экенин айтты.
Депутат өзүнө Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын жашоочулары кайрылып, таза суу чыгарууга бөлүнгөн акчанын дайынын сурашканын айтты.
«Акыркы жылдары АРИСтин иштерине эл тарабынан нааразылык көбөйдү, өзгөчө таза суу программасы боюнча. Акча бөлүнөт, бирок аягы жок, кайда кеткени белгисиз деп жатышат. Мисалы, Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын жашоочулары кайрылышты, 220 млн сом акча бөлүнгөн, бирок суу аягына чейин чыккан жок деп жатышат. Мындай нааразылык башка аймактарда да бар. Ошондуктан АРИС акыркы беш жылда эмне иштерди аткарды, парламентке келип, элге кеңири маалымат берсе жакшы болмок», — деди депутат.