Биз менен байланышыңыз

Маданият министрлиги «Клооптун» сайтындагы макаланы өчүрүүнү талап кылды

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 508 | 0

Маданият министрлиги «Клооп» (Kloop) басылмасына макаланы алып салууну талап кылган кат жөнөттү. Бул тууралуу аталган медианын сайтында маалымдалды.

Маданият министрлигинин токтомуна министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгону, бирок катта датасы да, чыгыш номери да жок экени такталган. Ал эми төрайым Жибек Абдуллаева кол койгон Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын билдирүүсү 1-февралда жөнөтүлгөн.

Маалыматка караганда, Маданият министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Министрлик бул материалда «жалган маалымат» берилгенин белгилеген.

«Клооп» басылмасынан «АРИС Баткендеги соцобъектилердин курулушу кымбат бааланган деген маалыматты четке какты» деген аталыштагы макаланы өчүрүү талабы коюлган.

Макала сайттан өчүрүлбөсө, министрлик kloop.kg сайтынын ишин эки айга чейинки убакытка токтотуу тууралуу чечим кабыл алары айтылды.

«Клооптун үстүнөн арызды Маданият министрлигине макалага катышкан негизги адам болгон АРИС (Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги) берген», — деп билдирди редакция. Басылма макаланы өчүрбөй турганын белгиледи.

Мындай окуя биринчи жолу катталган жок. Былтыр 26-октябрда «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайты да бөгөттөлгөн. Буга Маданият министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгонун билдирген. Аталган медианы жабуу боюнча сотко да кайрылган. Министрликтин арызы боюнча сот отуруму 9-февралда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM