Биз менен байланышыңыз

Быйыл Садыр Жапаров Пакистанга расмий визит менен барат

Кыска кабар | 2 Фев 2023 | 232 | 0

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Пакистанга расмий визит менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев бул өлкөнүн премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушканда маалым болду.

Тараптар жолугушууда кыргыз-пакистан кызматташуусунун актуалдуу маселелерин, иш сапарларды уюштуруу, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, CASA-1000 сыяктуу маанилүү аймактык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл бурушту.

Элчи Тотуяев Пакистанга саясий байланыштарды активдештирүү, сооданын көлөмүн көбөйтүү, инвестициялык кызматташууну илгерилетүү жана Борбор менен Түштүк Азиянын ортосунда эффективдүү логистикалык каттамдарды түзүү боюнча бирге иш алып барууну сунуштады.

Пакистандын премьер-министри Пакистан региондогу өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Тараптар үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында президент Садыр Жапаровдун Пакистанга расмий иш сапарын уюштуруу маселесин иштеп чыгууга макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM