Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Беларусиядан зениттик-ракеталык комплекс сатып алды (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 393 | 0

Кыргызстанга модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алынып келинди. Бул техника Беларусиядан сатылып алынган жана Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн куралдануусунда болот.

Мындан тышкары чет элдик коргонуу ишканаларында МИ-8 күжүрмөн тик учактарын капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жүк ташуучу автоунаалар, санитардык унаалар, кичи автобустар сатылып алынган.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы «Белтехэкспорт» жабык акционердик коому менен «С-125» зениттик ракеталык комплексин «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чыгарып модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөнүн айтты. Азыркы күндө келишим боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы жеткирилди.

Copyright © 2017 Maral FM