Биз менен байланышыңыз

Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери пара берүүгө шектелип кармалды

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 1128 | 0

Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири өлчөмдө пара берүүгө шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, Кылмыш-жаза кодексинин 345 (Пара берүү) боюнча кылмыштын негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

31-январда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 350 миң сом акча каражатын которуп жаткан учурда Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды.

Ал Аламүдүн райондук электр тарматарынын башчысы кызматына дайындоо үчүн Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаганы маалым болду. Атайын кызмат учурда тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM