Кыргызгидромет маалымдагандай, 2-февралда түнкүсүн Талас, Нарын, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10,
Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,
Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +8…+10 градус болот