Биз менен байланышыңыз

Эки министрлик жана мэрия үчүн жаңы техникалар алынды (сүрөт)

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 170 | 0

Бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникалар тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн Кытайдын гранттык каражатынын негизинде келген 100 даана автотехника — 85 өрт өчүрүүчү унаа, 10 авариялык-куткаруучу унаа, 3 автотепкич жана 2 штаб үчүн унаа берилди. Техника аймактарга бөлүштүрүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 33 тез жардам унаасы сатып алынды, алар да өлкөнүн бардык аймагына таратылат.

Бишкек шаарынын мэриясына республикалык бюджеттин эсебинен газ менен жүрүүчү 120 жүргүнчү автобус, дөңгөлөктүү трактор, багбанчылык машина-экскаватор, кран-манипулятор ж.б. сатып алынды.

Президент Садыр Жапаров техникаларды тапшыруу аземинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирди.

Жакында Орусиядан 20 миллион долларга жакын суммага жардам иретинде 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир «Ми-8» тик учагы келерин кошумчалады.

default

default

default

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM