Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык беш спортчу дзюдо боюнча эл аралык мелдешке катышат

Кыска кабар , Спорт | 1 Фев 2023 | 375 | 0

Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Париж шаарында өтө турган «Гранд Слэм Париж» эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 4-9-февраль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:
1. Ханболот Ырысбеков – 60 кг;
2. Кубанычбек Айбек уулу – 66 кг;
3. Чыңгызхан Сагыналиев – 73 кг;
4. Асад Масабиров – 81 кг;
5. Эрлан Шеров – 90 кг.

Дзюдо боюнча курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Сергей Кладновдун жетечилиги астында мелдешке катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM