Биз менен байланышыңыз

Кыргыз журналистикасынын тарыхын окуткан китеп чыкты

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 258 | 0

Кыргызстанда кыргыз журналистикасынын тарыхына арналган китеп басып чыгарылды. Анын автору журналист Бакыт Орунбеков. Китептин бет ачары 31-январда Бишкекте өттү.

«Советтик кыргыз журналистикасы күбөлөрдүн сөзү менен» аталышындагы бул китепте Совет доорунда жашап, журналистика тармагында көп жыл эмгектенген кырктан ашык адамдын айткандары, берген баасынын негизинде советтик кыргыз журналистикасынын тарыхы жазылган.

«Жыйнакка кирген оозеки тарыхый булактардын башкы айырмачылыгы: маалыматтын индивидуалдуулугу жана субъективдүүлүгү. Совет дооорунун бир өңүрү болгон улуттук журналистиканын тарыхый, саясий-идеологиялык, моралдык-этикалык өзгөчөлүгү, коомдук жоопкерчиликтин деңгээли жөнүндө ар кандай көз караштан кенен кеп болот», — дейт автор.

Басылма кыргыз журналистикасынын тарыхын окуп жаткан студенттер үчүн кошумча окуу куралы, совет тарыхын изилдеген тарыхчылар үчүн баалуу маалымат булагы болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM