Биз менен байланышыңыз

Бишкекте адамды жүзүнөн тааныган камералар орнотулат

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 427 | 0

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарына адамдарды жүзүнөн тааный турган видеобайкоо камераларды орнотууну сунуштады. Мындай демилге бардык акимчиликтер жана райондук ички иштер башкармалыктарынын башчылары менен талкууланды.

Учурда Биринчи Май райондук администрациясы өздөрүнө таандык аймактардагы коомдук жайларга атайын видеокамераларды орното баштады.

Өлкөдө коомдук тартипти сактоо, укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында коомдук жайларда 2 миң 177 видеокамера иштеп жатат. Анын ичинен 519 камера Коомдук коопсуздук кызматынын алдындагы Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Ал видеобайкоо камералары 360 градуска айлануу, 500 метрге чейин жакындатуу функциясы менен жабдылган. Ошондой эле бул тутум адамдардын жүздөрүн аныктоо функциясына ээ.

Жүздү идентификациялоо — бул сүрөттөгү же видеодогу адамды автоматтык түрдө аныктоого (сүрөттө ким бар экенин таануу) же текшерүүгө (сүрөттө бул адам экенин ырастоо) мүмкүндүк берүүчү технология. Учурда издөөдө жүргөн адамдарды кармоо, дайынсыз жоголгон адамдардын жүргөн жерин аныктоо, тартип бузуулардын же мушташтардын алдын алуу, кылмыштын бетин ачуу жана жарандарга ар кандай жардамдарды көрсөтүү процесстери жүрүүдө.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы видеокамералар аркылуу 3431 кылмыш жана окуя аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM