Биз менен байланышыңыз

Парламентте Тик-Токту жабуу маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 369 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин 1-февралдагы жыйынында Тик-Ток социалдык тармагы жаш муунду жаман жакка буруп жатканын айтты.

Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, мунун үстүнөн иштөөгө чакырды.

«Маданият министрлигине тапшырма берип, Тик-Токтун балдарды жаман жакка буруп жатканы боюнча иш алып барбайсыздарбы? Мамлекеттин улуттук баалуулуктары, саясаты да болушу керек да. Ошону көзөмөлдөгөн тармак эмне кылып жатат? Өзбекстан, Казакстан деген өлкөлөрдө жок го?.. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар, же чакырасыздарбы?» — деди депутат.

Дагы бир эл өкүлү Таалайбек Масабиров кесиптешинин айткандарын колдоп, Маданият министрлиги Тик-Токту көзөмөлгө алышы керектигин айтты.

«Биздин үрп-адат, маданиятыбызды жандандырышыбыз керек. Азыр мен балдардан коркуп калдым, телефондорун карап эле турам. Башында жакшы эле башталган, азыр ич көйнөгүн башына кийип алган учурлар болуп жатат. Муну көзөмөлгөн орган барбы? Бул атайын киргизилген долбоорбу?» — деди депутат.

Тик-Ток социалдык тармагын жаап салуу боюнча башка депутаттар да парламентте маселе көтөрүп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM