Биз менен байланышыңыз

Султанбаев «Белестин» автобустары качан сатып алынарын айтты

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 171 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Бишкек мэриясы ата мекендик автобус чыгаруучу «Белес KG» компаниясынан газ менен жүрө турган автобустарды сыноо үчүн аларын айтты. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Белес» менен Бишкектин мэриясы сыноо иретинде беш унааны сатып алуу меморандумуна кол койгон. Аталган компания азыркы учурда дизель менен жүрүүчү бир автобусту чыгарган, ал эми Бишкек шаарынын бийлиги ыш көйгөйүнө байланыштуу экологиялык таза транспортко (газ жана электроэнергия менен жүргөн) артыкчылык берүүдө.

Анын үстүнө, учурда «Белес» компаниясында массалык түрдө 100дөн ашуун автобус жеткирүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан учурда «Белес» компаниясы газ менен жүрө турган автобустарды чыгаруунун үстүндө иштеп жатат, андан соң мэрия компаниянын автобустарын сыноо үчүн алат», — деди Султанбаев.

Бишкек шаарынын мэриясы «Белес KG» компаниясы менен кызматташууну жандантары 18-январда айтылган. Компаниянын директору менен жолугушуу өткөрүлүп, автобустун тесттик режими ийгиликтүү аяктагандан кийин Транспорт департаменти «Белес KG» компаниясынын автобустарын сатып алуу иштерин улантары кабарланган.

Бишкек мэриясы ата мекендик автобус чыгаруучу «Белес KG» компаниясы менен 2022-жылдын 16-июнунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Сынап көрүү үчүн убактылуу бир автобус берүү маселеси көтөрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM