Биз менен байланышыңыз

Пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыска кабар | 1 Фев 2023 | 385 | 0

Кыргызстандын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Пиязды экспорттоого тыюу 2023-жылдын 31-январынан тарта үч айга чейин күчүндө болот. Тиешелүү токтом Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды.

Токтом азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынганы маалымдалды.

Базарларда жана соода түйүндөрдө пияздын баасы 60-65 сомдон сатылууда. Буга дыйкандар түшүмдүн аз болгонун жана дүң баада кымбат келип жатканын жүйө келтиришкен. Айрымдар жазгы бышыкчылык келгенге чейин пияздын баасы 100 сомго жетерин болжолдоп жатышат.

Буга чейин Казакстан пиязды экспорттоого үч айга тыюу салганын билдирген. Коңшу өлкөнүн бийликтери мындай чечимди Өзбекстан менен Пакистанда түшүм болбой калгандыктан, Казакстанда пиязга суроо-талап күчөгөнү менен түшүндүрүшкөн.

Ушундай эле чечим төрт айлык мөөнөткө Өзбекстанда да кабыл алынган.

Кыргызстанда 2022-жылдын 4-ноябрынан тарта буудайды, меслинди (буудай менен кара буудайдын аралашмасы) жана күн карама уруктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Экспортко коюлган чектөөлөр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө да тиешелүү.

Copyright © 2017 Maral FM