Биз менен байланышыңыз

Бишкекте таштанды үчүн тариф көтөрүлдү

Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 636 | 0

Бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифти көтөрүү боюнча токтом долбоорун жактырышты.

Мэрдин буйругуна ылайык, тариф калк үчүн бир адамга айына 41 сом (буга чейин 22,5 сом болгон), пенсионерлер үчүн 22,5 сом;

менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн — 1 куб метрине 361 сом, же тоннасына 2430 сом (КНСсиз) (буга чейин куб метри 225 сомду түзгөн);

катуу таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн тоннасына 445 сом (КНСсиз).

Болжол менен жаңы тариф эртең, 1-февралдан тарта күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM