Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 1-февралда Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,
Ысык-Көлдүн аймагында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5,
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз +7…+9 градус болот.