Биз менен байланышыңыз

Кышкы тестирлөө: 590 абитуриент ЖОЖдорго кабыл алынды

Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 239 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окуу үчүн кышкы кабыл алуу аяктагандыгын маалымдады.

Тестирлөөгө жалпысынан 822 талон катталып, 661 абитурент катышкан. Анын ичинен 590 абитуриент жогорку окуу жайларына кабыл алынды.

Кыргызстанда быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларга кышкысын кабыл алуу жүрдү. Жалпы республикалык тестирлөө 26-27-ноябрда өткөн. Ага 1260 адам катышып, 893 абитуриент 110 же андан жогору балл топтогон.

Кышкысын ЖРТ тапшырган абитуриенттер үчүн 49 жогорку окуу жайда бош орундар бар экени айтылган. Алардын 17си мамлекеттик, 32си менчик. Бирок кышкы кабыл алууда абитуриенттер гранттык орундарга тапшыра албайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM