Биз менен байланышыңыз

HeadHunter: Кыргызстанда фрилансерлер көбөйдү

Блог , Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 484 | 0

«HeadHunter Кыргызстан» кызматы кыргызстандыктар арасында штаттан тышкары, аралыктан иштөө канчалык кеңири жайылганын изилдеп көрдү. Бул тууралуу «Маралга» аталган мекеменин коомчулук менен байланыш боюнча адиси Рахима Махмудова кабарлады.

Изилдөө HeadHunter сайтында (headhunter.kg) жайгаштырылган иш берүүчүлөрдөн келген бош орундардын жана талапкерлердин резюмелеринин анализинин негизинде даярдалган.

Анда айтылгандай, акыркы убакта кыргызстандыктар арасында аралыктан иштөө, иш күндөрүн ноутбук менен кафелерде өткөрүү же үйүндө иштөө популярдуу болууда.

Акыркы бир жыл ичинде headhunter.kg сайтында өзүн фрилансер катары эсептеген жумуш издөөчүлөрдүн саны үч эседен ашкан, тагыраагы, 243%га көбөйгөн.

«Бул олуттуу өсүш, бул бизге «эркин иштөөгө» карай тенденцияны ачык көрсөтүп турат», — деп айтылат изилдөөдө.

Жумуштун бул түрү эмнеси менен жагымдуу?

  • Фрилансер катары иштөөнүн негизги артыкчылыгы катары жумуш издөөчүлөр ийкемдүү графикти белгилешет.
  • Мобилдүүлүк жумуш ордуна карата катуу талап жок жана эркин жүрүүгө болот.
  • «Өзүнө жаккан» жумушту тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Фрилансерлер көбүнчө өзүнө жаккан долбоорлорду гана жасашат.
  • Өз иши үчүн жоопкерчиликти өз алдынча көтөрө билүү.

Ошондой эле, «эркин иш» кесиптик жана жеке өсүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берерин белгилешкен.

Фрилансерлер тандаган кесиптер

«Headhunter.kg сайтындагы резюмелерди талдап чыккандан кийин биз Кыргызстанда фрилансер катары өз кызматтарын сунуштаган адистердин үч негизги тобун аныктадык. Биринчиси IT адистери — программисттер, иштеп чыгуучулар ж.б. Андан кийин сүрөтчүлөр жана дизайнерлер, андан соң чет тилдерден котормочулар келет», — деп айтылат маалыматта.

Фрилансерлердин эмгек акысы

2022-жылы штаттан тышкары иштегендер тажрыйбасына жана ыйгарым укуктарына жараша 24 миң сомдон 130 миң сомго чейин акы алышкан. Мындан улам штаттан тышкары иштеген кызматкерлердин айлыгы кеңсе кызматкерлеринин айлыгынан кем эмес деген тыянак чыгарылган.

HeadHunter Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы онлайн жумуш издөө жана жалдоо платформасы.

«Ар бир экинчи кыргызстандык ишкер болгусу келет». Бизнес баштоо үчүн кеңештер

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM