Биз менен байланышыңыз

«Ар бир экинчи кыргызстандык ишкер болгусу келет». Бизнес баштоо үчүн кеңештер

Коом , Экономика | 31 Окт 2022 | 1244 | 0

“HeadHunter Кыргызстан” деп аталган жумуш издөөчү кызматы октябрь айында изилдөө жүргүзгөн, анын жыйынтыгы боюнча респонденттердин 48%ы өз бизнесине ээ болууну каалашарын айтышкан.

Сурамжылоого катышкандардын 28%ы жакынкы жылы бизнес ачууга даяр, ал эми 66%ы эки-үч жыл ичинде өз долбоорун ишке ашырууга ниеттенишет. Көпчүлүк тейлөө, сатуу, искусство, чекене соода жана каржы тармагында жеке ишин баштоону каалашат.

Бизнес баштоону каалаган же жаңыдан баштап келе жаткан жарандар үчүн адистердин кеп-кеңештерин чогулттук. 

Ар бир экинчи кыргызстандык ишкер болгусу келгени менен ар кандай себептерден, тийиштүү билимдин жетишсиздигинен, тоскоолдуктардан жана коркуулардан улам бул иш анын кыялы катары эле кала берет. Себеби көпчүлүгү баштапкы капиталдын жоктугунан, жаңы чектөөлөрдүн киргизилишинен жана туура эмес багытты тандап алып, банкрот болуудан коркушат.

Изилдөөдө айтылгандай, 30 жашка чейинки потенциалдуу ишкерлер акча көйгөйлөрүнөн коркуп, ал эми улуу курактагылар күтүлбөгөн жерден токтоп калуулардан жана кошумча мыйзамдык чектөөлөрдөн улам өзүн ишкердикте сынап көрүүсүн каалабайт.

Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү азыркы кризис учурунда бизнес баштоо жакшы натыйжа берет. Себеби туруксуздук убагында жаңы мүмкүнчүлүтөр көп ачылат. Бул тууралуу бизнес боюнча консультация берип, окутуп келе жаткан экономист Азамат Аттокуров айтты.

Ал бүгүнкү күндөгү бизнеске керектүү тармактарды атап, айыл чарба тармагындагы асыл тукумдуулук зарыл дейт. Тактап айтканда асыл тукум мал, кой, уй, бука, жашылча-жемиштер. Булардын баарын иштетип, экспортко чыгаруу жакшы жемишин берет.

Мындан сырткары Аттокуров башка тармактарды да атады:

“Мындан сырткары курулуш каражаттары менен иштесе жакшы болот. Мисалы, аймактарда, шаарларда курулуш иштери токтобойт. Себеби, миграция күч алып жатат. Мындан ары дагы да курулуш иштери дагы да күчөйт.

Тейлөө кызматтары. Бул тармакта иштеш үчүн өзүңөрдүн компетенцияңарды көбөйтүшүңөр керек: окуу, тренингдерден өтүп сертификаттарды алуу зарыл.

Биздин кыргыздар окууну бүтүрүп алып Орусияга кетип жатпайбы. Ал жерден короо шыпыруучу болуп иштеп жатышат. Андан көрө бул жерден чоң транспорт: бульдозер, кран айдаганды үйрөнүп алып кетсе, айлыктары 150 миңден жогору болот. Же болбосо бизде дагы бул адистер жетишсиз болууда. Ошондой эле сантехник, сварщик, электрик тармагында иштеген адистер жетишсиз. Ошол тармакта жумушчуларды алып бизнес да ачса болот”.

Экономист Эмил Үмөталиев бизнес ачам деген адам башкалардын ою, максаты, идеясы менен эмес, көп окуп, изилдеп өзүнө жаккан тармактын уникалдуу сыйкыр сырын таап, башкалар билбеген жолун аныктап, йигиликтүү бизнес иштетип кете алат деген ойдо.

Ал кайсы тармактарда бизнес ачса болорун айтып берди.

“Сөзсүз түрдө бюрократия аз жерден бизнес ачыш керек;

Коррупция аз болгон жерде ишкердик баштоого болот. Коррупция аз экенин эл да билиши шарт;

Криминал билбеген, “тартып алам” деген оюнан алыс болгон, ага акылы жана билими жетпеген жерден бизнес ачыш керек. Бул: чыгармачыл (креативдик) экономика же IT-технологиялар тармактары”

Жаштарга, мектеп же университет бүтүрүүчүлөрүнө “Кайсы кесип популярдуу? Кайсы бизнес көбүрөөк акча алып келет?” эмес, ар бир адам өзү кызыккан тармагын тандоосу зарыл экенин түшүндүрүү керек. Мындай пикирин чет өлкөдө бизнес ачып, ийгиликтүү алып келе жаткан жаш ишкер Нурсултан Зулпуев билдирди.

Эгер кимдир бирөө бизнесте өзү кызыккан тармакты тандаса, көбүрөөк убакыт бөлгөнгө даяр болот, кирешеси аз болсо да эмгектене берет, ошентип кичинекей кадамдар менен чоң ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот.

Биринчи кезекте акча эмес, адамдын кызыгуусу, энергиясы жана аракети маанилүү экенин ишкер кошумчалады.

“Экинчи эң маанилүү нерсе – сабырдуулук. Бизнес бул – балаң сыяктуу. Ал 2-3 жашта болуп жаңыдан басып баштаганда эле “кел мага акча бер” деп андан талап кылбастан, тескерисинче ага кам көрүп, жардам берүү керек. Убакыттын өтүшү менен гана ал күчтүү болуп кирешесин, пайдасын да алып келе баштайт.

Бизнес ачам десең биринчиден – багытты туура тандоо, экинчиден – сабырдуу болуу керек. Сабырдуу бул жөн гана жоош болуп отура бербей, кыйынчылыктарга туруштук берип, өзгөртүүлөргө чөкпөй- көппөй, аракет кылып, изденүү керек.

Бизнести баштаганда эле акчалар жаандай түшүп баштабайт. Буга да чыдаш керек.”

Адистердин айтымында, бизнести баштаган күндөрү дароо киреше түшпөйт. Кыялданган көлөмдөгү каражатты табуу үчүн бир нече жыл керектелет.

Эксперттер белгилегендей, башында чакан иш менен баштап, бара-бара тажрыйба топтоп, чоң нерсе ачуу коопсуз болот. Муну менен бирге, каржылык сабаттуулукту мыкты деңгээлде өздөштүрүүнү унутпоо зарыл.

Ишкердик баштаган ар бир жаран үй-бүлө жана туугандары тарабынан сынга кабылбай койбойт. Ага карабай, күчтүн баарын ишти ийгиликтүү алып кетүүгө жумшаш керек.

Copyright © 2017 Maral FM