Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 228 | 0

Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 31-январда өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева айтты.

Анын маалыматына ылайык, негизги ченди сактап калуу чечими өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына жооп берет жана экономикадагы тобокелдиктерге карата Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырат. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты өлкө экономикасында инфляцияны шарттаган факторлорду чектөөгө багытталган.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык инфляция 14,7 пайызды түзгөн. 2023-жылдын январь айында баалар 1,2 пайызга жогорулаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылы Улуттук банктын кирешеси 9 млрд сомду түздү. Мекеме былтыр жыл ичинде валюта рыногуна 486 млн доллар сатты.

Ошол эле учурда доллар сатып алуу боюнча да интервенция жасалып, банк 190 млн доллар сатып алды.

Валюталык интервенция алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн бирдей кармоо үчүн жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM