Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши: Тегерек стол өтө турган жерде жарык өчүрүлдү

Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 733 | 0

Бүгүн, 31-январда Бишкекте Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын кылмыш ишине «жашыруун» деген гриф берилгенине байланыштуу тегерек стол өткөрүлүп жатат.

Жыйын өтүп жаткан «Достук» мейманканасында электр жарыгы өчүрүлгөнүн катышуучулар кабарлашты. Аларга түнкү саат 12де зымдардагы көйгөйлөрдөн улам, жарык өчүрүлүшү мүмкүн экендигин айтышкан.

Уюштуруучулар муну саясий жагдайларга байланыштырууда. Тегерек столду шам жагып, телефондун жарыгы менен өткөрүп жатышат. Алар «Кемпир-Абад окуясын классификациялоого негиз барбы?» деген суроону талкуулоодо.

Ага президенттик аппараттын, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, юристтер, укук коргоочулар чакырылган.

Кемпир-Абадга байланыштуу кармалган саясатчы, активист жана блогерлер былтыркы жылдын 23-октябрынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Алар шаардык соттун чечими менен февраль айына чейин камакта калтырылган.

Алардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты камактагы Орозайым Нарматова саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM