Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев быйыл 50гө жакын чакан ГЭС куруу керек экенин айтты

Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 300 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Энергетика министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. Анда Төрөбаев үстүбүздөгү жылы 50гө жакын чакан ГЭСтерди куруу зарыл экендигин белгиледи.

Мындан тышкары 2023-жылга коюлган ар бир иш план өз убагында аткарылуусун айтып, энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду кыска убакыттын ичинде ишке ашырууну тапшырды.

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн 2023-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычынын көлөмүн 8,6 млрд м³ суу менен камсыздоо пландалууда.

Ошондой эле, быйыл 2,2 млрд кВтс чейин электр энергиясын импорттоо каралган.

Өлкө боюнча көмүрдүн керектөөсү – 2 996,6 миң тонна, күйүүчү мазуттуку– 48,5 миң тонна.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM