Биз менен байланышыңыз

Марат Иманкулов АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 31 Янв 2023 | 235 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 30-январда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар глобалдык жана аймактык коопсуздук, терроризм, экстремизм жана наркотрафик коркунучтарын талкуулашты.

Мындан тышкары Сириядан Кыргызстандын жарандарын репатриациялоо, ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин өлкөнүн маданий-тарыхый мурас объекттерин реконструкциялоого көмөктөшүү темасы да козголгон.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси былтыр 20-ноябрда кызматка киришкен. Ал АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги бюродо Борбор Азия жана Пакистан боюнча катчынын жардамчысынын орун басары болуп иштеген.

Американын Кыргызстандагы буга чейинки элчиси Дональд Лу мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM