Биз менен байланышыңыз

Депутаттар жана Акылбек Жапаров Кумтөргө барышты (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Янв 2023 | 971 | 0

«Кумтөр» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы «Кумтөр» кенине барды.

Алар негизги карьердин, Петров көлүнүн, калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышып, алтынды бөлүп алуу фабрикасында болушту.

Депутаттарга ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, өндүрүштөгү абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөчү жана алтынды өндүрүүнүн технологиялык чынжырчасынан уурдоо, алтынды кенден тышкары уруксатсыз алып чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган коопсуздук жана көзөмөл системасы тууралуу маалымат берилди.

2022-жылы алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика 17,3 тонна алтын өндүргөн. 2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган.

«Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки убакытта алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия былтыр 29-сентябрда түзүлгөн. Комиссиянын иштөө мөөнөтү 28-мартка чейин узартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM