Биз менен байланышыңыз

Министрлик тыюу салынган диний китептерди Казакстанга алып кирбөөгө чакырды

Кыска кабар | 30 Янв 2023 | 230 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанга барууну же транзит менен өтүүнү пландаган кыргызстандык жарандарды бул өлкөдө экстремисттик деп таанылган жана өлкө аймагына алып кирүүгө, жайылтууга тыюу салынган диний адабияттардын тизмесин кылдаттык менен окуп чыгууга чакырат.

Министрлик бул шилтемеде маалыматтар бар экенин билдирди.

Казакстанда тыюу салынган адабияттарды сактаганы жана пайдаланганы үчүн Казакстандын мыйзамдарына ылайык, өлкөдөн чыгарылып, 350-400 миң теңге айыпка жыгылат.

Copyright © 2017 Maral FM