Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Орусияга алкоголдук ичимдик, газдалган суусундуктардын импорту көбөйдү

Кыска кабар | 30 Янв 2023 | 775 | 0

2022-жылы Кыргызстандан Орусияга күчтүү алкоголдук ичимдиктерди, сыраларды, минералдык сууларды, газдалган сууларды жана колбасаларды импорттоонун көлөмү көбөйгөн. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 11 айындагы тышкы жана өз ара соода боюнча отчётунда айтылды.

Өткөн жылдын январь айынан ноябрь айына чейин кыргызстандык өндүрүшчүлөр дээрлик 304 тонна колбаса сатышкан, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң эсе көп;

-54,3 миң литрге жакын минералдык суу Орусияга экспорттолгон, андан мурунку жылы экспорттолгон эмес;

789,4 миң таттуу газдалган суусундуктар экспорттолгон, бул бир жыл мурдагыга караганда эки эсе көп;

-дээрлик 99 миң литр сыра, бул 2021-жылдын 11 айындагы көлөмдөн 2,7 эсе көп;

-дээрлик 2 миң литр күчтүү алкоголдук ичимдиктер.

Ошондой эле жыл ичинде Кыргызстандын кесме жана тез даярдала турган шорпо өндүрүүчүлөрү Орусияга 9,6 миң тонна продукция жөнөтүштү, бул 2021-жылга карата берилген көлөмдөн 120 эсе көп.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM