Кыргызгидромет билдиргендей, 31-январда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарында кар жаайт жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда кар жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…-5;
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +5…+7.