Биз менен байланышыңыз

Жапонияда окууну каалагандар үчүн жарманке өтөт

Кыска кабар | 30 Янв 2023 | 318 | 0

Бишкекте 2-3-февраль күндөрү «Жапонияда окуу-2023» аталышында жарманке өтөт.

Жарманкеде Жапонияда окуу жөнүндө жалпы маалымат берилип, айрым окуу жайлардын таанытымы көрсөтүлүп, Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин стипендиялары жөнүндө айтылып, бул өлкөдө окуу боюнча жеке кеңештерди ала турган такталар орнотулат.

Маалыматка караганда, жыл сайын белгилүү бир сандагы кыргызстандыктар Жапан өкмөтүнүн MEXT стипендиясы менен бул өлкөгө окууга барышат.

Өтө турган жери:

2-февраль, саат 11:30 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусу;

3-февраль, саат 11:30 — Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин башкы корпусу.

Катышуу акысыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM