Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облусунда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалганын билдирди.
Ала-Бука районунун тургуну Ш.К. милицияга арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны унаасына отургузуп, Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан. Андан соң аны унаадан түшүрүп, бычак менен коркутуп, тапанча менен бутунун астына атып, 50 миң сомун күчкө салып тартып алышкан.
Мындай факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Ошондой эле 2022-жылдын апрель айында милицияга дагы бир жаран А. арыз менен кайрылган. Ал Жалал-Абад шаарында жабырлануучу өзүнө таандык болгон унаасын 950 миң сомго сатып, ага 700 миң сомун гана берип, калган 250 миң сомун ушул күнгө чейин бербей коркутуп алдап жүргөнүн айткан.
Айбек, Турар аттуу жигиттер алдоо жолу жабырлануучуга таандык унааны өздөрүнө каттатууга аракет кылып, ойлору ишке ашпай калган соң, 200 АКШ долларын жана 5000 сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан.
Бул факты боюнча да Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, Турар жана Айбек аттуу жарандардын өздүктөрү аныкталган. 28-январь күнү алар кармалып, үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөндө мурда соттолгон 39 жаштагы С.Т. жашаган үйүнөн 2 даана бычак, 1 даана колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 даана үн басаңдаткычка (глушитель) окшогон темир, 1 даана темир дубинка жана 2 даана «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, 4 даана ок табылып алынды.
Аны менен кошо кармалган 31 жаштагы мурда соттолгон М.А. жашаган үйдөн жана БМВ үлгүсүндөгү унаадан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылды.
Кармалган шектүүлөр Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу жайына киргизилди, баш когоо чарасы бүгүн аныкталат.
Учурда иликтөө иштери уланууда.