Connect with us

Токтогул ГЭСинде 9,4 млрд куб метр бар

Кыска кабар | 30 Янв 2023 | 147 | 0

Бүгүн, 30-январга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 463 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда суунун агып келиши секундасына 150 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 696 куб метрге жетүүдө.

Октябрга карата Токтогулда 13 млрд 629 млн куб метр суу бар болчу.

7-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев кышкысын керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, энергетиктерди авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө максатында бардык чараларды көрүп, ыкчам иш алып барууга чакырган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM