Биз менен байланышыңыз

Tez Jet Бишкек – Баткен аба каттамын жандантат

Кыска кабар | 30 Янв 2023 | 248 | 0

7-февралдан тарта Tez Jet авиакомпаниясы Бишкек – Баткен – Бишкек ички аба каттамын жандантат. Бул тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинен кабарлашты.

Каттамдардын саны ушул жумада белгилүү болот.

Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча каттамдардын саны жана билеттердин баасы тууралуу азырынча маалымат айтыла элек. Бүгүнкү күндө авиакомпания Исфана, Жалал-Абад жана Ош шаарларына каттамдарды аткарат.

Tez Jet авиакомпаниясы былтыр 1-августтан бери Баткенге каттамдарды аткара элек.

Copyright © 2017 Maral FM