Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштады

Кыска кабар | 30 Янв 2023 | 413 | 0

Айыл чарба министрлиги пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкуу үчүн Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Бул тыюу салуу ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө экспорттоого тиешелүү.

Чектөөлөрдүн мөөнөтү азырынча тактала элек. Мындай чара өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын базар баасын турукташтыруу үчүн зарыл экени белгиленди.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматы боюнча, 18-январда пияздын килограммы 46,9 сом болсо, 25-январда анын баасы 54,9 сомго же 17%га кымбаттаган.

Базарларда жана соода түйүндөрдө пияздын баасы 60-65 сомдон сатылууда. Буга дыйкандар түшүмдүн аз болгонун жана дүң баада кымбат келип жатканын жүйө келтиришкен. Айрымдар жазгы бышыкчылык келгенге чейин пияздын баасы 100 сомго жетерин болжолдоп жатышат.

Буга чейин Казакстан пиязды экспорттоого үч айга тыюу салганын билдирген. Коңшу өлкөнүн бийликтери мындай чечимди Өзбекстан менен Пакистанда түшүм болбой калгандыктан, Казакстанда пиязга суроо-талап күчөгөнү менен түшүндүрүшкөн.

Ушундай эле чечим төрт айлык мөөнөткө Өзбекстанда да кабыл алынган.

Кыргызстанда 2022-жылдын 4-ноябрынан тарта буудайды, меслинди (буудай менен кара буудайдын аралашмасы) жана күн карама уруктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Экспортко коюлган чектөөлөр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөргө да тиешелүү.

Copyright © 2017 Maral FM