Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Өзбекстан жарандары эки өлкөдө ID-карта менен да жүрө алышат

Кыска кабар | 28 Янв 2023 | 870 | 0

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында «2006-жылдын 3-октябрында кол коюлган жарандардын өлкөлөргө каттоосу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Протоколго кол коюлду.

Документке ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары эки өлкө ортосунда ID-карта паспорту менен да жүрө алышат. Буга чейин кирип-чыгууда жалпы жарандык паспорт талап кылынып келген.

Мындан ары жарандардын кирүүсү жана чыгуусу электрондук каттоого гана алынып, паспортко мөөр бастыруу зарылдыгын жокко чыгарат. Бул транспорт менен жүргөн жарандарга да тиешелүү болот.

Документ эки өлкө тарабынан расмий бекитилгенден кийин күчүнө кирет.

Айта кетсек, Кыргызстан Өзбекстан үчүн ID-карта менен кирип-чыгууга уруксат берген биринчи өлкө болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM