Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы Хорватиядагы мелдешке катышат

Кыска кабар , Спорт | 28 Янв 2023 | 435 | 0

Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы Хорватияда өтө турган мелдешке катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 1-февралдан 5-февралга чейин Хорватиянын борбору Загреб шаарында биринчи рейтингдик эл аралык Zagreb Open турнири өтөт.

Мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта, ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакта күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекова Азиянын төрт жолку, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпиада оюндарында күмүш медалдын ээси. Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөштүн олимпиадалык түрлөрү боюнча Дүйнө чемпиону болгон алгачкы спортчу.

Ал эми Айпери Медет кызы 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө биринчилигинде коло медаль тагынган, 2022-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия биринчилигинде чемпион болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM