Биз менен байланышыңыз

Бишкекте аялдар 5 күн бою онкологиялык ооруларга акысыз текшериле алат

Кыска кабар | 27 Янв 2023 | 1087 | 1

30-январдан 3-февралга чейин Бишкектеги бир катар медициналык мекемелерде онкологиялык ооруларга акысыз текшерүү жүрөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты.

25 жаштан 60 жашка чейинки аялдар ракка карата ден соолугун текшерте алат. Ал үчүн Бишкектеги № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, Шаардык студенттик поликлиникага кайрылса болот.

Мындай акция рак менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата өткөрүлүүдө. Иш-чаранын максаты, онкологиялык оорулардын алдын алуу, дартты эрте аныктоо жана дарылоо болуп саналат.

1 пикир

1 пикир

  1. Майрам

    27.01.2023 18:16

    Очеред кандай алабыз алыстагылар

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM