Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ысык-Көлдүн Каракол шаарында алты ымыркайдын чарчап калышы боюнча кеңешме өткөрүп, кош бойлуу, төрөгөн аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш жетишсиз болуп жаткандыгын белгиледи.
«Жаңы төрөлгөн 6 ымыркайдын өлүмү – бул чоң трагедия. Анализ көрсөткөндөй, элементардык санитардык талаптар жана гигиеналык эрежелер сакталбаганы аныкталган. Айрыкча ымыркайлар менен иштеген төрөт үйлөрүндө талап кылынган санитардык нормаларды сактоо боюнча эң жогорку шарттар түзүлүшү керек», — деди ал.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координаторунун милдетин аткаруучу Кыдырбаева М.Б.,
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Сагынбаев М.О.,
оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары Атагелдиева И.К.,
оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Алдашева Р.К.,
оорукананын ресурстук борборунун башчысы Айткулуева А.Т. ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Ооруканадагы ички инфекцияга жол бербөөдө өз учурундагы чараларды жүргүзүү боюнча иште ырааттуулуктун жоктугу жана жетишсиз көзөмөл үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору, Ысык-Көл облусу боюнча кызматтын ишин координациялоо функциясына ээ Тайлакова Г.Б. ээлеген кызматынан бошотулду.
Ошондой эле оорукананын бир катар кызматкерлерине жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланды.
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жыл башынан бери алты ымыркай чарчап калганы өткөн жумада белгилүү болгон.
Акыркы учур 15-январда катталып, оорукананын директору Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулган.