Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосунда кеңири камтылган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол коюшту.
Мындан тышкары, төмөнкү документтер бар:
- Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Мамлекеттик бажы кызматтарынын бажы статистикалык маалыматтары менен алмашуу жаатында өз ара аракеттенүүнүн тартиби жөнүндө протокол;
- Бажы кызматтарынын тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларынын каржылык шектүү операцияларды жүргүзүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Маданият жана жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Энергетика министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Көмүр өнөр жайы жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
- Өнөр жайдын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Чек арага жакын райондордун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн биргелешкен кеңешин түзүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- 2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки өлкө ортосундагы чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимдин ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протокол;
- Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол;
- Дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын кеңири майрамдоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы;
- Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Жизак облусунун Хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргызстанда автомобиль жана коммерция техникаларын өндүрүүнү уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- 2023-2025-жылдарга карата өкмөттөр ортосундагы стратегиялык соода-экономикалык өнөктөштүк программасы;
- Инвестициялар боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокимияты ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
- Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Өзбекстандын Наманган облусунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
- Ош облусу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча комплекстүү программа;
- Энергетика министрликтеринин ортосундагы Чаткал ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Бизнес-форумдун алкагында кол коюлган документтер:
«Дастан ТНК» ААКы менен TOSHELECTRAPPARAT ЖЧКсынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору (АСКУЭ электр эсептегичтерин чыгаруу боюнча);
Кыргызстандын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Өзбекстандын Фергана облусундагы Baxodir Log’on Tekstil (ЖЧК) биргелешкен ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу долбоору.